Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү маселелер каралууда

24-11-2022
13:01

Бүгүн, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет, “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору каралууда.

Аталган маселелер боюнча Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү маалымат берүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, республикалык бюджетти түзүү, бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу жана бул жааттагы эффективдүү башкаруу маселелерине токтолду.

Талкуу маалында депутат Исхак Масалиев 2021-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет өткөн жылдарга салыштырмалуу талдоо жүргүзүүгө муктаж эмес экенин белгилеп, так маалыматтар берилиши керектигин кошумчалады. Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Камила Талиева 2021-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча так маалымат берүүнү талап кылды.

Ал эми депутат Дастан Бекешев баш мыйзамдын талабына ылайык, пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык төлөмдөр жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн болбошу керектигин айтып, Конституциядагы бул 44-берене кийинки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирерин белгиледи. Министрлер кабинетинин өкүлдөрү белгилегендей, жашоо минимумунун өлчөмү 5 миң 600 сомду, пенсиянын минималдуу өлчөмү 2 миң 500 сомду түзөт.

Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу сунушун көтөрдү.

Жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү