Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Импортко эмес, экспортко маани берилсе

24-11-2022
15:10

Бүгүн, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет, “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору каралууда. Бул багытта көз караштары менен бөлүшүп, Жогорку Кеңеш депутаты Султанбай Айжигитов "Парламент" радиосунда болду.

Бюджеттин чыгашалары экономиканын өнүгүү өңүтүнө жумшалуусу керек. Приоритетти тандоодо жыртык-тешиктерди жамап отура бергенге болбойт. Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуунун жолун табуу зарыл, - дейт депутат.

Ошондой эле С.Айжигитов, - “Мамлекеттик бюджеттин булактары такталып, өнүгүүгө багытталып жатканда акча-насыя саясатын алып барган Улуттук банктын дагы позициясы экономиканын өнүгүүсүн колдоп-таяп турушу керек”, - деп белгиледи.

"Айлык акылар жогорулаганы менен, анын басымдуу бөлүгү рынокко кетип, импортко болгон суроо-талапты жогоруталып жатат. Демек, инфиляция жогорулап отурат. Андыктан, өндүрүштү жолго коюу менен бюджетти толтурууда импортко эмес, экспортко маани берилиши зарыл", - деди эл өкүлү.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү