Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Нурланбек Шакиев Биринчи Элдик Курултайга катышты

25-11-2022
14:27

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарында Биринчи Элдик Курултай ишин баштады. Эки күнгө созула турган Курултайга Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген делегаттар катышууда. 

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев Курултайдын макамы баш мыйзамда белгиленгенин билдирип: “Жыйындагы башкы маселе айтылган сөздөрдүн маани-маңызында. Эгерде биз кайра эле майда-барат, күндөлүк сөздөргө өтсөк, бул Курултайдын башка жыйындардан эч айырмасы болбой калат. Андыктан ааламдашкан доордо 7 млн калкыбыздын мындан аркы тагдыры, орду, дүйнөлүк чакырыктардагы кыргыз элинин үнү кандай болорун кеп кылганыбыз туура”, – деди. 

Муну менен катар Жогорку Кеңеш жакынкы аралыкта Конституцияга ылайык Курултайдын макамына байланышкан мыйзам долбоорун карай тургандыгын эске салды.

“Парламентибиз мамлекетибиз үчүн маанилүү маселелелер талкууланган башкы аянтча катары кызмат кылып келет. Албетте Жогорку Кеңештин ишине карата түрдүү сындар айтылат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок элибиздин биримдигине, журтубуздун бүтүндүгүнө багытталган демилгелерди колдоп, керектүү мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Алардын санына эмес, сапатына көңүл буруп, келечек үчүн керектүүсүнө басым жасоо башкы максатыбыз. Жакында эле чек ара маселесине тиешелүү чечимдерди айтылган сындарга, каралоолорго карабай колдоп бердик. Бирок кабыл алынган чечим бүгүнкү күн үчүн эле эмес, эртеңки келечек үчүн маанилүү экени анык”, – деди Төрага. 

Андан тышкары, өлкөдө жасалышы керек болгон реформаларга токтолуп, анын ичинен билим берүү тармагын жаңылоо башкы максат экенин кошумчалады. “Анткени билимдүү эл, билимдүү улут бакубат өлкөнү жаратат. Мугалимдердин айлык маянасынын көтөрүлүшү бул жааттагы реформалардын алгачкы башаты. Мындан ары реформаларды өнүктүрүп, жаңы багыттардагы демилгелерди ишке ашыруубуз зарыл. Ошондой эле сот реформасын да тездетип, аягына чыгарышыбыз керек. Муну жалпы эл күтүүдө. Андан сырткары, саламаттыкты сактоо тармагын да реформалоо учур талабы. Дени сак эл болмоюнча, мамлекетибиздин келечеги күмөн. Ушул реформалар аркылуу билимдүү, адилеттүү, саламат коомду курабыз”, – деди Нурланбек Шакиев. 

Улуттук идеология маселесине да токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Идеология асмандагы ай же жердеги алтын эмес. Идеология ар бир жарандын жүрөгүндө жашаган эл-жерди сүйүү жана мекенчилдик сезим. Мына ушул жагдай идеологиянын негизин түзүш керек”,– деп кошумчалады. 

Муну менен катар мамлекеттик тил маселесине да көңүл буруу керектигин айткан Нурланбек Шакиев: “Сөздөн ишке өтчү мезгил келди. Ар бир кыргыз жараны кыргыз тилин билиши керек”,– деди жана өлкөдөгү жер-суу аталыштарын кыргызчалоо зарылчылыгын белгиледи. Буга мисал катары баш калаадагы төрт райондун аталышын өзгөртүүнү сунуштады. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү