Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Шабданбек Алишев Социалисттик эмгектин баатыры Сатина Кулматованы 80 жылдык маарекеси менен куттуктады

25-11-2022
17:20

Бүгүн, 25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси Шабданбек Алишев Социалисттик эмгектин баатыры, Кыргыз ССР Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты Сатина Кулматовадан кабар алып, 80 жылдык маарекеси менен куттуктады.

Белгилей кетсек, Сатина Кулматова узак жылдар өнөр жай тармагында эмгектип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошкон. Азыркы тапта да коомдук иштерге жигердүү аралашып, Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Ардагерлер кеңешинин катарында иштеп келет.

Жогорку Кеңештин атынан Ыраазылык катын жана белектерин тапшырган Шабданбек Алишев маареке ээсине жакшы каалоо-тилектерин айтты.

“Сиздей кайратман энелерибиздин талыкпаган эмгегинин аркасында өнөр жай тармагыбыз өнүгүп, ошол учурда бир топ ийгиликтерге жетишкен. Андыктан сиздин баскан жолуңуз, жасаган иштериңиз жалпыбызга үлгү”, – деди Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси.

Өз кезегинде Сатина Кулматова ыраазычылык билдирип: “Журтубузда ынтымак менен биримдик болуп, ар бир жаран эмгектенсе өлкөбүз алдыга жыла берет. Эл аман болсун! Эл бар үчүн эмгегибиз бааланууда”, – деди.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү