Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева: "Административдик-аймактык аталыштарды өзгөртүү демилгеси Россия Федерациясынын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып келет"

26-11-2022
13:30

Кыргызстан эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары биримдик менен ынтымакка негизделген баалуулуктарды карманат. Баш мыйзамыбызда Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөрү баса белгиленип, бизде гана орус тили расмий тил макамына ээ. Андыктан, Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга көлөккө түшүргөн жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишкен билдирүүсү негизсиз экенин белгилейм. Анткени, орус тилинин Кыргызстанда орду өзгөчө, мыйзамдарыбыздан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбызга чейин мамлекеттик тилибиз менен катарлаш колдонулуп келет.

Ал эми административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Россиянын алакасына эч кандай тиешеси жок. Себеби, айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Россия Федерациясынын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердловск шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү.

Мындай өзгөртүүлөр көп улуттуу Совет мезгилинин учурунда да жүргүзүлүп келген. Андыктан антиорусиялык маанайды калыптандырып, байыркы кыргыз эли менен улуу орус элинин достук, стратегиялык өнөктөштүк жана тыгыз кызматташтык мамилесине терс таасир берүүчү пикирлерди айтуудан алыс болууга чакырам.