Жогорку Кеңеш депутаты Аида Исатбек кызы "Парламент" радиосунда болуп, элдик курултайда айтылган айрым маселелерге токтолду. Ошондой эле бул ирет Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районуна караштуу "Каргалык" айыл өкмөтүнөн Элдик курултайга шайланган делегаттардын бири Алтынбек Касымбеков да радиостудияда болду.
Депутат А.Исатбек кызынын белгилешинче, Тогуз-Торо районунда кен иштетүү тармагы негизги багыттардын бири болуп саналгандыктан, андагы ичүүчү сууларга олуттуу маани берилиши кажет. Болбосо, суулардын курамында зыяндуу заттардын болуу ыктымалдыгы жогору. Айрыкча, аталган райондун "Каргалык" айыл өкмөтүнө караштуу "Чет-Булак" айылында калкты таза суу менен чукул арада камсыздоого көңүл бурулушу керек. Мындай маселени 2019-жылда да көтөргөнбүз. Эми бул иш 2023-жылдын бюджетинен орун алып, титулдук номинацияда белгиленди, - деп кошумчалады эл өкүлү.
Уктурууга катышкан "Каргалык" айыл өкмөтүнөн өкүл Алтынбек Касымбеков аталган аймактагы "Ак-Куп" каналын пайдаланууга берүү зарылчылыгын билдирди. Эгер бул негиздер ишке ашып кала турган болсо канчалаган дыйкандар үчүн жер иштетүүгө зор мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Миграциялык агымдардын дагы азаюусуна себеп болмок. Элдик курултайда ушул ыңгайларга бийлик жетекчилеринин көңүлүн бурсак, - деген ниет менен келгенбиз, - деди Элдик курултайга Тогуз-Торо районунан шайланып келген делегат.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү