Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Дипломатиялык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндөгү макулдашуунун долбоору даярдалууда

16-05-2022
18:31

Бүгүн, 16 – майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Грек Республикасы Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндөгү макулдашуунун долбоору каралды.  Бул багытта маалымат берип, Жогорку Кеңеш депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров “Парламент” радиосунда болду.

Тармактык комитеттеги баяндамачылардын маалыматына таянсак, дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотууга Грек мамлекети Кыргызстанда биометрикалык паспорттор колдонула баштагандан тартып гана көнүл бура баштаган.

Диппаспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошоткон 9 мамлекет бар. Алдыда Грек мамлекети менен түзүлүп жаткан макулдашуу колдоо таап калса, бул багыттагы иштер башка дагы өлкөлөр менен жүргүзүлөт. Бул багытта учурда 4 мамлекет менен сүйлөшүүлөр натыйжалуу жыйынтыктарга жетишкени турат. Атай келгенде алар: Черногория, Сербия, Таиланд, Бахрейн мамлекеттери.

Радиостудияда болгон депутат А.Мадумаровдун айтымында, дипломатиялык кызматтык паспорт 5 жылдык мөөнөткө берилет. Бирок, ушул аралыкта эгер кызматтагы орун алмашуулар болсо, анын колдонуучулары убагында диппаспортту тиешелүү органга тапшырууга милдеттүү.

"Депутаттар үчүн буга чейин дипломатиялык паспорт алуудагы даярдыктар  ЖК Аппаратында уюштурулуп, ушул эле имарат ичинде жүргүзүлүп келсе, азыр андай иштерди Калкты тейлөө борборлору жүзөгө ашырып жатат", - деп кошумчалады А.Мадумаров.

Комитет отумурунда талкуудагы макулдашууга түздөн – түз тиешеси болбосо да, шайлоочулардын басымдуу бөлүгү өтүнүп жаткан Шенген визасын жеңилдетүү талаптары айтылды. Бул жагдайга келгенде Европа мамлекеттеринин бир тобуна берилүүчү визалык уруксаат алуу кагаздары бир аз болсо да жеңилдечүдөй болуп турат, бул тариздеги иштерди тартипке салуу милдетин Венгриянын жергебизде ачылган элчилиги өз жоопкерчилигине алууга даярдыгын билдирди. Бул сыртка чыгам, - деген жарандарыбызга көрсөтүлчү жакындан жардам, - деп белгиледи парламентарий.

Ошондой эле эл өкүлү, - “Жергебизде Франция, Германия, Венгриянын элчиликтери ачылып, ишти жеңилдетүүгө ыңгайлуулуктар түзүлдү. Элибиз эми виза алуу үчүн Казакстандагы, Москвадагы консулдуктарга кайрылып убара болушпайт, - деген жаңылык да элибиз үчүн жакшы кабар”, - экендигине акцент жасады.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү