Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

СПИД дартынан жабыркагандарга каралчу жардамдар

29-11-2022
15:53

СПИД дартынан жабыркаган балдарга каралган жөлөкпулдун өлчөмү 8 миң сом болду. Бирок, - "Ата-энелер бул сумма жетишсиз, 10 миң сомго чыкса жакшы болмок", - деп суранышты. Бул тууралуу жумушчу кеңешмеде сөз болгондугун Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева "Парламент" радиосуна билдирди.

2005-2006-жылдары төрөлгөн балдардын СПИД дартына чалдыккандары 16-17 жашка келип калышты. Алардын ЖОЖдордо окуйм дегендерине квоталык орундар берилсе, келишимдик негизде окугандарына контракт акысына жардамдар каралса бир топ колдоо болмок. Ипотека маселесинде да алардын жагдайы эчке алынуусу керек, - деген маалыматтар айтылды. 

"Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилиги билдиргендей, 2023-жыл үчүн каралган каражаттарды бөлүштүрүүдө аталган дарттан жабыркагандардын сунуштары эске алынат", - деп белгиледи эл өкүлү. 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү