Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төраганын орун басары Улан Примов Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова менен жолугушту

17-05-2022
15:09

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Улан Примов, депутаттар Акылбек Түмөнбаев менен Эльдар Сулайманов Азербайжан Республикасынын борбор калаасы Бакуда уюштурулган Экономикалык кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын III Башкы конференциясына катышууда. 

Иш сапардын алкагында төраганын орун басары Улан Примов Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова менен жолугушту. 

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланып, парламенттик алака тууралуу да сөз болду.  

Төраганын орун басары Улан Примов кыргыз менен азербайжан элин бир туугандык жана достук мамиле жакындатып турарын белгилеп, эки калк тарыхый, маданий жана руханий окшоштукка ээ экенине токтолду.

“Кыргызстан Азербайжан мамлекети менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар. Анын ичинен парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Айрыкча депутаттык достук топторунун өз ара диалогун кеңейтүүбүз кажет”, – деген Улан Примов ТүркПА жана КМШ ПАА алкагындагы байланыштар тууралуу да сөз кылды.  

Муну менен катар Экономикалык кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясы да жалпы экономикалык кызыкчылыкка шайкеш келген парламенттик кызматташтык үчүн негизги аянтча болорун кошумчалады. Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө менен Кыргызстанга инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө да кеп салды. 

Өз кезегинде Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова эки мамлекет башчыларынын жолугушуусунда жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда парламенттин салымы чоң экенин белгилеп, бул жаатта жигердүү кызматташуу зарылчылыгына токтолду. Андан тышкары, Кошулбоо кыймылынын парламенттик тармагынын үстүбүздөгү жылдын июнь айында өтүүчү I отурумуна катышуу үчүн Жогорку Кеңештин делегациясын чакырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү