Бүгүн, 24-ноябрда Ош шаарында Жогорку Кеңештин Айым депутаттар форуму менен Ош областындагы айылдык жана шаардык кеңештердин айым депутаттарынын жолугушуусу өттү. Жолугушууда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы туруу, гендердик тең укуктуулук, миграция, балдарды коргоо өңдүү маселелер талкууланды.
Жыйында Жогорку Кеңештин Айым депутаттары форумунун төрайымы Гүлшаркан Култаева "Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы тууралуу жалпы маалымат берип, өлкө боюнча аялдарга каршы кылмыштын көрсөткүчтөрү жыл сайын көбөйүп келе жатканына көңүл бурду. Андан тышкары Жогорку Кеңештин айым депутаттары мамлекеттик бюджетти карап жатканда аялдарды жана балдарды коргоо маселесин парламент трибунасынан байма-бай көтөрүп жатышканын белгилеп, азыркы учурда өлкө боюнча кризистик борборлорду уюштуруу иши демилгеленип жатканын кошумчалады.
Жыйында жергиликтүү кеңештин депутаттары менен Жогорку Кеңештин депутаттары тематикалык группалар аркылуу суроо-жооп иретинде маалымат алмашты. Анда негизинен областтагы курч социалдык маселелер көтөрүлдү.
Эске салсак, талкууга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева, Социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева, эл өкүлдөрү Лейла Лурова жана Нилуфар Алимжанова да катышты.
Иш-чара 25-ноябрдагы аялдарга каршы зордук-зомбулукка каршы туруу боюнча 16 күндүк глобалдык өнөктүктүн алдында Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунун демилгеси менен өткөрүлдү.
Жогорку Кеңештин Айым депутаттар форумунун катчылыгы