Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Б.Түлөбаев: "Билим берүү тармагы - улут келечеги"

17-05-2022
16:04

“Реформалык жаңылыктарга ыктаган билим берүү тармагындагы  мыйзам долбоору Баш мыйзамдан кийинки эле деңгээлде турчу баскычта. Себеби, билим - улут келечеги”, - деп билдирди ЖК депутаты Балбак Түлөбаев бүгүн, 17 – майда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

"Кыргызстанда 600 – 700дөй мектеп жетишпейт. Бул бара – бара чечиле турган маселе. Акырындап, мугалимдердин айлыктары жогорулатылып, эл өкүлдөрүнүн маянасын кууп жетип калды. Бул дагы билим тармагына көрсөтүлгөн чоң колдоо. Идиректүү жаштарыбызды эл аралык ЖОЖдордо окутуунун жолдору да изделүүдө. Билим тармагынын заманбап реформаларын жүргүзүүдө коомчулуктун пикирлери эске алынып жатат", - деди эл өкүлү, - бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште “Билим берүү жана улуттук коопсуздук” аталышындагы тегерек үстөл өткөндүгүн кошумчалап.

5700 орун ЖОЖдор үчүн бюджеттик орундарга каралган. Бирок, ал чыныгы талантуу балдарыбыздын энчисине тийип жатабы, жокпу? Бул да калыс иликтене турган маселе, - деди депутат. 

Радиостудиядагы маекте аталган иш чаранын катышуучусу, билим берүү тармагындагы эксперт Асылбек Жоодонбеков да кеп кезегин алып, -  билим берүү реформасы заман чакырыктарына жооп бериши керектигин айтты.

“Билим сапаты күчтүү болсо миграциялык агымдын кара күч жумуштарына аралашкандар азаймак. Билим берүү тармагына мамлекет бюжетинин 25%ы каралып келет. Бул жакшы эле колдоо. Болгону натыйжалуу иштеп, мугалимдин жыйынтыгына ишеним берелиши кажет. Мектептердин автономдуулугун сынап көрүүгө да болот”, - деп белгиледи эксперт.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү