Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карады.
Анда 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлерди кызматтык иш сапарга жиберүүгө, мөөнөтүнөн ашык иштетүүгө, түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрүндө жумушка тартууга тыюу салынат,- деп көрсөтүлгөн.
Бул жерде жаш балдардын маданий жана спорттук иш чараларга катышуусу билим берүү уюмдарынын жана балдардын ата-энелеринин уруксааты менен ишке ашырылат. Аткарылып жаткан иш балдардын ден соолугуна, адеп-ахлагына жана окуусуна эч кандай залакасын тийгизбегендей болушу керек.
Ошондой эле маданияттын мамлекеттик уюмдарынын пенсия курагындагы кызматкерлери менен дагы тиешелүү эмгек келишими түзүлүшү керек,- деп белгиленүүдө.
Талкуу жыйынтыгында депутат Максат Сабиров тарабынан демилгеленип жаткан Эмгек кодексине болгон өзгөртүүлөр 3-окууда тармактык комитеттин колдоосуна ээ болду. Эми бул түзөтүүлөр Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарылат.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы