Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат А.Абдибаева: "Жогорку билим алуу - талыкпаган мээнет менен күчтөнөт"

18-05-2022
17:59

Билим берүү тармагына тиешелүү маселеде өз пикирин билдирип, Жогорку Кеңешке "Ишеним" фракциясынан депутат, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Айсара Абдибаева бүгүн, 18 - майда "Парламент" радиосунда болду.

Эл өкүлү жогорку билим сапаты, кадр саясаты тууралуу көз карашын ортого салып, - “Терең билим берүү өлкө өнүгүүсү үчүн керек болсо, жогорку билим алуу адам өнүгүүсүнүн маданияты үчүн керек. Ошондуктан, убагында мамлекет түптөөчүлөрдүн насааттары камтылган далай китептер окуу программаларына камтып, мыкты кадрлар даярдалчу. Мамлекет өнүгүүсү үчүн татыктуу билимге, каныккан тажрыйбага ээ адистер керек. Кадр саясатында дал ошондой өнүгүүгө өбөлгө болуучу кесип ээлерине артыкчылык берилет. Айрыкча мамлекеттик кызматтагылар үчүн заманбап технологиялардын тилин билүү талаптары да улам жогорулап жатат”, - деп белгиледи депутат.

Ошондой эле маалымат каражаттарында айтылып жаткандай, эл өкүлдөрү сөзсүз жогорку билимге ээ болушу керекпи, жокпу? – деген суроого келгенде А.Абдибаева, - “Жогорку билим сөзсүз болушу керек. Мыйзам чыгаруу ишинде, бюджет маселесин талкуулоодо, жалпы эле мамлекеттик иште жогорку билимдин болушу зарыл. Убара болбой алган билим убайымга салат. Татыктуу жогорку билим алуу талыбаган мээнеттин аркасында гана келет. Андыктан, андай адал аракетчил адистерге деген суроо - талаптар жогорулай берет”, - деген пикирин билдирди.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү