Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Чингиз Айдарбеков Сауд Аравия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин Эл аралык маселелер боюнча комитетинин Төрагасы Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири менен жолугушту

23-05-2022
16:45

Бүгүн, 23-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Төрагасы Чингиз Айдарбеков Сауд Аравия Королдугунун (САК) Аш-Шура Мажлисинин Эл аралык маселелер боюнча комитетинин Төрагасы жана Сауд-кыргыз достук депутаттык тобунун жетекчиси Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири менен жолугушту.

Иш-чарага ошондой эле Сауд Араб Королдугу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобунун мүчөлөрү – Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов, Ырысбек Атажанов жана Шайлообек Атазов катышты.

Жолугшууда эки тараптуу кызматташуу жана парламенттер аралык алакаларды чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн экологиялык таза продукцияны экспорттоо жана Сауд Араб Королдугунан Кыргыз Республикасына келген туристтердин санын көбөйтүү боюнча маектешти.

Туризм, айыл чарба, тоо-кен жана энергетика тармагындагы инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Сауд Аравиянын ири компанияларын тартуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле соода логистикасы, бизнес-форумдарды өткөрүү, Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугу ортосунда түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачуу, Сауд Аравиясына туристтик виза алуу талаптарын жөнөкөйлөтүү маселелери тууралуу да сөз болду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чингиз Айдарбеков Сауд Аравиясынын делегациясын Кыргызстан менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого, анын ичинен парламенттер аралык сүйлѳшүүлѳрдү жана өз ара кызматташтыкка терең кызыкдар. Парламенттер аралык түз байланыштар жана сапарлар тараптарга кызыктырган бардык актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берет жана жалпысынан Кыргыз-Сауд мамилелеринин динамикалуу өнүгүшүнө жагымдуу таасирин тийгизет деп ишенем», - деди ал.

Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Чингиз Айдарбеков соода-экономикалык Кыргыз-Сауд кызматташтыгынын төмөнкү актуалдуу маселелерин колдоого кызыкдарлыгын билдирди: биргелешкен ишканаларды түзүү, эки тараптуу соода көргөзмөлөрүн жана бизнес-форумдарды уюштуруу боюнча өз ара колдоо, Кыргыз-Сауд ишкерлер кеңешинин иштеши үчүн шарттарды түзүү, САКтын калкына Кыргыз продукциясын сатуу үчүн Соода үйүн ачуу, Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптери боюнча иштеген банкты түзүү жана соода-экономикалык жана инвестициялык кооперацияда эки өлкөнүн ишкерлерине жана компанияларына көмөк көрсөтүүчү жана колдогон Кыргыз-Сауд инвестициялык фондун түзүү.

Өз кезегинде Аш-Шура Мажлисинин Эл аралык комитетинин төрагасы Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири жылуу кабыл алгандыгы үчүн Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Чингиз Айдарбековго ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгиледи.

«Элчиликтердин, эки тараптуу Өкмөттөр аралык комиссиянын жигердүү иштеши, ошондой эле саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын динамикалуу өнүгүшү мамлекеттерибиздин ортосундагы байланыштардын жогорку деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналат», - деди Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири.

Ал ошондой эле Сауд Аравия тараптын Кыргыз Республикасы менен кызматташууну, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө, туризм тармагында, каржы институттары аркылуу активдештирүүгө умтулуусун белгиледи. Делегат ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, айтылган бардык демилгелерди колдоорун билдирди жана айтылган сунуштар иштелип чыгаарына ишендирди.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү