Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет бир катар мыйзам долбоорлорун карады

23-05-2022
16:54

Бүгүн, 23-майда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколун ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева белгилегендей, мыйзам долбоордун негизги милдети аталган Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

«Протоколго ылайык Убактылуу макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн 4 жылга же Эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашуунун толук форматтагы долбоорун түзүүгө чейинки мезгилге чейин эки шарттын кайсынысы биринчи ишке ашырылганына жараша узартуу сунушталат», - деди ал.

Андан тышкары, депутаттар «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты. Бул документ мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында инвентаризациялоонун алкагында иштелип чыккан.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү