Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргызстан менен Сауд Аравия Королдугунун парламенттеринин депутаттык достук топтору жолугушту

23-05-2022
17:38

Бүгүн, 23-майда депутат Нуржиги Кадырбеков жетектеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сауд Аравия Королдугу менен кызматташтык боюнча достук тобунун мүчөлөрү Марлен Маматалиев, Нурланбек Шакиев, Камила Талиева, Медербек Саккараев, Жалолидин Нурбаев, Сеит Атамбаев, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Мамасадыков Аш-Шура Мажлисинин депутаттары, Сауд-Кыргыз депутаттык достук тобунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланып, парламенттик байланышты бекемдөө тууралуу сөз болду. Анын ичинен депутаттар  агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, соода-сатык, IT-технологиялар тармагында адистерди даярдоо жана Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы мамилелердин башка актуалдуу аспектилери боюнча пикир алмашты.

Достук тобунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков эки тараптуу кызматташтык бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жатканын баса белгилеп, Сауд Аравия Королдугунун кайрымдуулук фонддору жана каржы институттары тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн ыраазычылык билдирди.

“Берилген жардамдар жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө”, - деген эл өкүлү күн тартибиндеги артыкчылыктуу маселелерге кеңири токтолду.

Муну менен катар Нуржигит Кадырбеков Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын ишке ашыруу жана бул жаатта инвестиция тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду. “Жыл сайын Кыргызстанга Сауд Аравиясынан 9 миңге жакын турист келет жана бул чек эмес, аталган багытта кызматташууну арттыруу зарыл”, - деп кошумчалады.

Өз кезегинде Аш-Шура Межлисинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы жана Сауд Аравия-Кыргызстан парламенттик достук тобунун жетекчиси Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири депутаттарга жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. “Мусулман өлкөлөрү менен соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо оң натыйжаларды берерине ишенебиз. Каражат аркылуу жардам көрсөтүү өз ара аракеттенүүнүн бир гана жагы жана биз кыргыз тараптын эки тарапты кызыктырган көптөгөн чөйрөлөрдөгү демилгелерин колдоого даярбыз” – деди Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү