Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жалал-Абад облусунда Жогорку Кеңештин Айым-депутаттарынын форуму көчмө жыйын өткөрдү

23-05-2022
18:24

Жалал-Абад шаарында 20-22 майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Айым-депутаттардын Форумунун көчмө жыйыны болуп өтүү, ошондой эле Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен коомдук диалог өткөрүлдү.

Форумдун төрайымы депутат Гулшаркан Култаева, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Джамиля Исаева жана Жогорку Кеңештин депутаттары  Айсара Абдибаева, Гуля Кожокулова, Шаирбек Ташиев, Лейла Лурова, Айбек Маткеримов, Аида Исатбек кызы жана Нилуфар Алимжанова катышты.

Парламенттин көзөмөлдүк иш-милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин сактоо менен депутаттар «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамынын Жалал-Абад облусунда аткарылышынын жүрүшүн карашым жыгышты.

Андан тышкары, депутаттар 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан «Каниет» кризистик борборунун иши менен таанышты. «Каниет» кризистик борбору Жалал-Абад областында үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка кабылган аялдар менен кыздарга убактылуу баш калкалоочу кызмат жай беришет.

Депутаттар «Каниет» кризистик борборуна кошумча жайларды бөлүп берүүгө көмөктөшүү зарылдыгын белгилешти, анткени минималдуу жалпы чарчы метр үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен көптөгөн адамдарга убактылуу баш калкалоочу жайларды көрсөтүүгө мүмкүндүк бербейт. Аткени райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнөн, Ички иштер министрлигинен жана башкалардан алар көбүнчө баш калкалоочу жайга кайра багытталат.

Ошондой эле депутаттар үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен жарандар менен жолугушуп, алардын жашоо-шарттары, тамак-ашы менен таанышты.

Экинчи күнү депутаттар Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен коомдук баарлашууга катышып кетти, анда үй-бүлөдөгү дин көйгөйлөрү, мектептеги балдарды окутууга үй-бүлөнүн катышуусунун төмөндүгү жана башка маселелер козголонгон.

Белгилей кетсек, 2021-жылы өлкөнүн бардык аймактарында 470 Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер (комитет) системалуу түрдө киргизилген - мамлекеттик органдардын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн коомдук башталышта түзүлгөн туруктуу коллегиалдуу органдар,  жергиликтүү коомчулуктун мүчө болгон.

Бирок жалпысынан депутаттар үй-бүлөлүк зомбулукту аныктоо боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын активдүүлүгүнүн төмөндүгүн, үй-бүлөдө жана балдарда зомбулук фактыларын минималдаштыруу боюнча чаралар көрүлбөй жатканын белгилешти. Түзүлгөн комитеттердин жыйындары өткөрүлбөйт, комитеттин телефондору жазылган баннерлер жок, ички иштер органдары зордук-зомбулукка кабылган балдарды аныктоо максатында короолорду кыдырбайт деп белгилешти.

Коомдук баарлашуунун жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунда жүрүм-турум нормаларын өзгөртүү, жоопкерчилик чараларын күчөтүү, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу, билим берүү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү аркылуу зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлбөгөндүгүү аныкталды,  аялдардын санын көбөйтүү, кеңири түшүндүрүү иштери жетиштүүсүз деңгээлде жүргүзүлбөй жатат, муну Ош облусуна салыштырмалуу үй-бүлөдөгү зомбулуктун көбөйгөндүгү далилдейт.

Жумушчу сапарынын соңунда депутаттар Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө болушуп, перинаталдык борбордун курулушуна бюджеттик каражаттарды бөлүүгө көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгилешти.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү