Бүгүн, 2-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев, «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү, депутаттар Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо, Максатбек Сарбагышев жана «Альянс» парламенттик фракциясынын депутаты Гүлкан Молдобекова «Наристе» бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземине катышышты.
Ысык-Көл районуна караштуу Чок-Тал айылында жергиликтүү айыл тургундарынын көп жылдардан берки көйгөйү болуп келген бала бакча куруу кыялдарын орундатуу максатында 2019-жылы инвестордун колдоосу менен каржылоого алынып, сметалык наркы 49069,2 миң сомду түзгөн 2 кабаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси 120 балага ылайыкташтырылып, ички эмеректери жаңыланып, заманбап жабдуулар менен камсыздандырылган.
Эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык кат, белектерин тапшырышты. Ошондой эле калын элге ынтымак, бала бакчанын жалпы жааматына ийгиликтерди каалашты.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү