Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет темир жол жана автомобиль транспорту тармагындагы мыйзам долбоорлорун жактырды

24-05-2022
10:15

Бүгүн, 23-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын «Темир жол транспорту жөнүндө» жана «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамдарына)» Мыйзамдын долбоору тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоору темир жол жана автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, темир жол жана автомобиль транспорту жөнүндө мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана кайталоолорду жоюу максатында иштелип чыккан.

«Темир жол транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр «Транспорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүн жогото тургандыгына байланыштуу жана аны башка ченемдик укуктук актыларга жана эл аралык стандарттарга (келишимдерге) ылайык келтирүү боюнча сунушталууда.

Ошондой эле «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына мамлекеттик органдардын бланкет ченемдерин жана дискрециялык ыйгарым укуктарын жоюу жана санариптик форматта лицензия берүү ченемдерин киргизүү сунушталууда.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү