Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Өзгөчө абал жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

24-05-2022
10:44

Бүгүн, 24-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору каралып, колдоо тапты.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык кыйзамынын 53-беренесине ылайык даярдалганын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 24-февралындагы чечимин ишке ашырууга багытталган.

“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 26-беренесине ылайык белгиленген тартип боюнча коменданттык саат учурунда жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматчылары да коменданттык сааттын убагында көчөдө же башка коомдук жерлерде болгондо же өз турак-жайынан тышкары жерде болгондо ким экендигин ырастоочу атайын берилген өткөрмөлөрдү жана документтерди алып жүрүүгө милдеттүү..

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунда “ар бир кармалган адам шашылыш түрдө жана кандай болгон күндө да кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде сотко жеткирилиши керек” деп белгилөөгө болбой тургандын айтты. “Кандай болгон күндө да” деген эмнени билдирет?”, - деген депутат мыйзам долбоорунан бул пунктту алып салууну сунуштады.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутаттар Улан Примов менен Дастанбек Жумабеков аталган норманы өзгөртүү керектигин кошумчалашты. Ал эми юстиция министринин орун басары Зарылбек уулу Алмазбек, бул норма кармалган адамдын жанында өздүгүн тастыктаган документи жок болсо гана колдонуларын билдирди. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттардын сунушуна макул болушту.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү