Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Винера Раимбачаева Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын тургундары менен жолугушту

24-05-2022
14:34

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Винера Раимбачаева Сокулук районуна барып, Жаңы-Жер айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык көйгөйлөрү талкууланып, анын ичинен жер маселеси курч экени көтөрүлдү. 

Белгилүү болгондой, тургундар көп жылдан бери пайдаланып келген жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келет. Натыйжада көпчүлүк турак-жай жайгашкан жерге кызыл китеби бериле элек. Ал эми “Бөбөк” жоопкерчилиги чектелген коому жергиликтүү элге таандык 68 гектар жерге мыйзамсыз документ чыгартып алган. Бул жагдай иликтениши керектигин айткан жашоочулар, депутаттан көйгөйгө көңүл бурууну өтүнүштү. 

Айтылган маселени өз көзөмөлүнө аларын билдирген депутат Винера Раимбачаева “Президентибиз тарабынан жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Бирок мыйзамдаштыруу жараяндарынын ошол жерлерде жашап жаткан тургундардын пайдасына эмес, башка кызыкдар тараптардын кызыкчылыгына колдонулушу туура эмес. Мындай мыйзамсыз аракетке баргандарга чара көрүлүп, элдин көптөн бери жашап жаткан жерлерине тиешелүү документтери берилиши керек”, – деп баса белгиледи.  

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү