Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ИӨБ Түндүк – Түштүк жолунун 24 чакырым жолун куруу үчүн 12 млн доллар каражат бөлөт

15-11-2016
11:03

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк –Түштүк альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жактырды.

Келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы Жалал-Абад – Балыкчы багытындагы Түндүк – Түштүк жолунун 24 чакырым жолун куруу үчүн 12 млн доллар насыя каражатын бөлөт. Насыянын негизги бөлүгүн төлөө мөөнөтү 25 жыл, анын алгачкы 7 жылы жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат. Насыя 1,5 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө.

КР ЖК Басма сөз кызматы