Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык иштер боюнча комитет Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну жактырды

05-12-2022
14:58

Бүгүн, 5-декабрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (“АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу”), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (“АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу”) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында финансы министринин орун басары Руслан Татиков баяндама жасады. Ал белгилегендей, “АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу” дүйнөдөгү геосаясий туруксуздук менен байланышкан жаңы кризистин үй чарбаларынын кирешелерине, өзгөчө аялуу топторуна, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө терс таасирин жумшартууга багытталган.

«Бул программаны ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бюджетти колдоого 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардам берилет, анын ичинде 25 млн АКШ доллары – грант жана 25 млн АКШ доллары – кредит. Бул финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган», - деди баяндамачы.

Талкуу маалында депутат Айбек Осмонов кредиттик жана гранттык каражаттардын максатына кызыкты. Буга Р.Татиков белгилегендей, 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттар энергетика тармагына, 6 миллиарддан 9 миллиард сомго чейин Бишкек ТЭЦине көмүр сатып алууга багытталат. Депутат Нуржигит Кадырбеков программанын узактыгы тууралуу сурады. Баяндамачы насыянын мөөнөтү 24 жыл экенин, анын 8 жылы жеңилдетилген мезгилге 1% жана негизги мезгилге 1,5% экенин айтты. Депутат Шайлообек Атазов каражаттарды үнөмдүү пайдалануу маселесине көңүл бурду.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү