Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин комитети Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусуна байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

06-12-2022
10:46

Бүгүн, 6-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутат Жеңишбек Токторбаевдын айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттин бюджеттик каражаттарын жана мүлкүн рационалдуу пайдаланууга багытталган.

Талкуу маалында депутат Нурбек Сыдыгалиев менен Дастанбек Жумабеков мыйзамдын артка күчү жок экенин, буга байланыштуу сунушталып жаткан нормалар кийинки жылдары актуалдуу болоорун белгилешти. Ошондой эле депутаттар мамлекеттик күзөт экс-президенттин жеке каражатынан каржыланышы мүмкүн эместигин айтышып, андыктан, бул норманы өзгөртүү керектигин кошумчалашты.

Ал эми депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунун концепциясы туура экенин белгилеп, 10-1-беренени техникалык жактан жакшыртуу зарылчылыгына токтолду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутаттардын сунуштарын кароого даяр экенин билдирди.

Андан тышкары, депутат Дастан Бекешев экс-президентке карата мыйзамдын артка колдонулушу боюнча жобону кароону сунуштады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү