Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет Конституциялык сотунун судьяларынын кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди колдоду

06-12-2022
11:09

Бүгүн, 6-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын кызмат ордуна сунушталган талапкерлер каралды.

Жыйында Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов талапкерлер боюнча маалымат берди.

Талкуунун жыйынтыгында тармактык комитет Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын кызмат ордуна Чынара Айдарбекова менен Лунара Жолдошеванын талапкерлигин жактырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү