Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Комитетте этникалык кыргыздардын жашоосун жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору каралды

06-12-2022
11:40

Бүгүн, 6-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү" жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын бириктирилген долбоору каралып, жактырылды.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Улугбек Ормонов, Акылбек Түмөнбаев, Талайбек Масабиров, Чингиз Айдарбеков, Медербек Алиев жана Министрлер кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген.

Алсак, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган этникалык кыргыздарды колдоо саясатын өркүндөтүүгө, колдонуудагы мыйзамдын кемчиликтерин жоюуга, этникалык кыргыздарды жана кайрылмандарды каттоо системасындагы маселелерди чечүүгө, этникалык кыргыздарды жана аларды кабыл алуу шарттарын жакшыртууга багытталган.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү