Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КМШ өлкөлөрү өз аймагында кармалган балдарды туруктуу жашаган жерине кайтарып берет

15-11-2016
11:15

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Дүйшөнбү шаарында 2015-жылдын 30-октябрында кол коюлган КМШ катышкан мамлекеттердин 2002-жылдын 7-ноябрындагы Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Аткаруучу протоколду ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун жактырды.

Келишимдин шарттарына ылайык, Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттер ар кандай себептерден улам өз аймагында кармалган эрезеге жетелек балдарды туруктуу жашаган өлкөсүнө кайтарып берүүгө милдеттенет. Бул келишим КМШ мамлекеттеринин парламенттери тарабынан мыйзам түрүндө ратификациялангандан кийин күчүнө кирет.

КР ЖК Басма сөз кызматы