Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеӊеште ЕАЭБде ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору жактырылды

07-12-2022
10:50

Бүгүн, 7-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында белгилегендей, макулдашуу навигациялык пломбаларды колдонуунун учурларын жана тартибин, байкоо жүргүзүү объекттерин, жүктөрдү ташып өтүүчү транспорттун түрлөрүн, жүктөрдү ташууга байкоо жүргүзүүнүн катышуучуларын, улуттук операторлор менен контролдоочу органдардын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн негиздерин аныктайт.

Навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоого алуу бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык автомобиль жана темир жол транспорту менен ташылган товарларга, ошондой эле өз ара сооданын алкагында ташылган санкцияланган товарларга, алкоголдук продукцияга, тамекиге жана тамеки буюмдарына карата колдонулат. Келечекте зарыл болгон учурда жана мүчө мамлекеттердин демилгеси боюнча Комиссия аныктаган башка товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн колдонууга болот. Макулдашууда байкоого алынбай турган товарлардын (мисалы, тирүү жандыктар, үйүп ташылуучу жүктөр, ж.б.) тизмесин даярдоо боюнча Комиссиянын компетенциясы каралган.

Мындан тышкары, жыйында “2022-жылдын 31-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү