Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу жактырылды

07-12-2022
11:06

Бүгүн, 7-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (“АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу”), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (“АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу”) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү Ырысбек Атажанов белгилегендей, “АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу” дүйнөдөгү геосаясий туруксуздук менен байланышкан жаңы кризистин үй чарбаларынын кирешелерине, өзгөчө аялуу топторуна, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө терс таасирин жумшартууга багытталган.

Программаны ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бюджетти колдоого 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардам берилет, анын ичинде 25 млн АКШ доллары – грант жана 25 млн АКШ доллары – кредит. Бул финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев кредиттик жана гранттык каражаттардын шартына кызыкты. Буга финансы министринин орун басары Руслан Татиков белгилегендей, насыянын мөөнөтү 24 жыл экенин, анын 8 жылы жеңилдетилген мезгилге 1% жана негизги мезгилге 1,5% экенин айтты.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү