Бишкек шаары “3” ноябрь, 2016-жыл
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы (СДПК), “Кыргызстан” жана “Бир Бол” парламенттик фракциялары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболоруна негизденип жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик көпчүлүк фракцияларынын Коалициясын түзүү жөнүндөКыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин сунушун жүзөгө ашыруу максатында жана:
- мамлекеттүүлүктү жана демократиялык институттарды андан ары бекемдөө, элдердин биримдигин жана өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу экономиканы жана социалдык чөйрөнү, маданиятты жана искусствону өнүктүрүү, 2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын башка максаттарына жетишүү, ошондой эле узак мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын бекитүү жана ишке ашыруу мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын башкы милдети болуп санала тургандыгы жөнүндө;
- Жогорку Кеңештеги парламенттик көпчүлүк фракцияларынын коалициясы менен түзүлүүчүКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн натыйжалуу өз ара аракеттерине жетишүүсүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарды эске алып,
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик көпчүлүк фракцияларынын коалициясын түзүү жөнүндө” ушул макулдашууну (мындан ары – Коалициялык макулдашуу) түзүштү:
I. Парламенттик көпчүлүк фракцияларынын коалициясынын катышуучулары
1. Төмөндөгүлөр Коалициялык макулдашуунун катышуучулары болуп саналышат:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргызстан Социал демократиялык партиясынын (СДПК) парламенттик фракциясы;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” парламенттик фракциясы;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясы.
2. Парламенттик көпчүлүк фракцияларынын коалициясына (мындан ары – Коалиция) кирген фракциялардын депутаттарынын жалпы саны 68 депутатты түзөт (тиркеме№ 1), бул Коалицияга парламенттик көпчүлүк статусун берет.
3. СДПК фракциясынын лидери И.Ш. Омуркулов Коалициянын жетекчиси болуп шайланды.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык СДПК фракциясынын лидери И.Ш. Омуркуловго парламенттик көпчүлүк фракцияларынын Коалициясынын түзүлгөндүгү жөнүндө жана ушул Коалициялык макулдашуунун түзүлгөндүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында расмий жарыялоо ыйгарым укугу берилсин.
II. Коалициянын ишинин (программасынын) максаттары жана негизги багыттары
1. Коалиция төмөнкү максаттар үчүн ага кирген фракциялардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын күч аракеттерин бириктирди:
- Кыргызстандын элинин биримдигин сактоо жана бекемдөө жана мамлекеттүүлүктү андан ары өнүктүрүү,
- мамлекеттик эгемендикти, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, демократиялык кайра түзүүлөрдү андан ары ишке ашыруу;
- социалдык экономикалык жана коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу;
- инсандын эркин өнүгүүсүүчүн татыктуу шарттарды түзүү;
- жарандардын жашоо турмушун жана сапаттуу өмүр сүрүүсүн жогорулатуу үчүн бийликтин башка бутактары менен кызматташуу аркылуу реформаларды жүргүзүү;
- ак ниет мамлекеттик башкаруу, ачык айкындык жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги;
- коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө системалуулукту пайдалануу жана келишпес мамиле жасоону күчөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана колдонуудагы мыйзамдарына ылайык мыйзам чыгаруу жана башка иштерди натыйжалуу ишке ашыруу;
- 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын андан ары жүзөгө ашыруу;
- шайлоо алдындагы үгүттөрдүн жүрүшүндө берилген саясий партиялардын программаларын жана шайлоо алдындагы платформаларын жүзөгө ашыруу;
2. Коалиция азыркы учурдагы кооптуу чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу үчүн саясий жоопкерчиликти өзүнө алат.
3. Коалиция өлкөнүн жарандарынын сапаттуу, татыктуу жашоосуна жетишүүгө багытталган реформаларды, атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүүнү, бизнес жүргүзүүүчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү жана жаңы жумушчу орундарын жаратууну, жарандык коомдун руханий өнүгүүсүн улантууну жана өлкөнү ыймандуу башкарууга жарандардын реалдуу катышуусун камсыз кылууну улантат.
4. Коалиция мыйзам менен соттун алдында мейли кызмат адамы, мейли карапайым жаран болсун барынын тең экендигин камсыз кылуунуколдойт, кылмыш жасагандыгы үчүн кайсы бир адамдын жоопкерчиликтен качуусун жокко чыгарган мыйзам долбоорлорун демилгелейт.
5. Коалиция конституциялык өнөктөштүктү түзүүгө көмөктөшүүнү, парламенттик оппозиция менен кызматташууну жана өз ара түшүнүшүүнү зарыл деп эсептейт жана мында мамлекеттик кызыкчылыктар фракциялардын, айрым саясий топтордун кызыкчылыктарынан жогору экендигине таянат.
Коалиция элди жана өлкөнү региондор, партиялар, кландык жана диний белгилер боюнча бөлүүнү жараксыз деп эсептейт.
6. Фракциялар жана Коалицияга кирген депутаттар Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик башкаруунун жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бардык негизги маселелери боюнча Коалициянын консолидацияланган позициясын иштеп чыгууда компромисске жана макулдашууга жетишүү үчүн бардык күч аракеттерин жумшоого милдеттенме алышат.
7. Аткаруу бийлигинин компетенциясына гана кирген маселелер боюнча чечимдерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу процессине кийлигишүүдөн качуу үчүн Коалиция парламенттин мыйзам чыгаруу жана контролдук ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын бекем жетекчиликке алат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракцияларынын жана комитеттеринин иштерин жөнгө салган мыйзамдарга андан ары тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт.
III. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын, структурасын жана курамын түзүүнүн принциптери
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесин жетекчиликке алып, Коалиция Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер катары Жээнбеков Сооронбай Шариповичти көрсөтөт.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына 84-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкерге 2016-жылдын 8-ноябрына чейинки мөөнөттө Коалициянын кароосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын, түзүмүнүн жана курамынын долбоорун киргизүү тапшырылат.
3. Коалиция тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасынын долбоору ушул Коалициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат (тиркеме № 2) жана 2013-2017-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына, Коалициянын программалык максаттарына жана милдеттерине ылайык келүүгө, Өкмөттүн ишинде зарыл жолун жолдоочулук принцибин эске алууга жана Коалицияга кирген саясий партиялардын шайлоо алдындагы платформаларын камтууга ылайык келүүгө тийиш.
4. Өкмөттүн түзүмүнүн долбоору ушул Коалициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат (тиркеме № 3) жана төмөндөгү принциптерден түзүлөт:
- мамлекеттик органдардын оптималдуу санында жана аларда иштеген кызматкерлердин санында аткаруу бийлигинин системасын башкарууну жана мобилдүүлүгүн камсыз кылуу;
- структураны түзүүдө функционалдык принциптерди ишке киргизүү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- мамлекеттик аппаратты күтүүгө чыгашаларды оптималдаштыруу.
5. Коалиция тарабынан жактырылган Өкмөттүн курамына талапкерлердин тизмеси ушул Коалициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат (тиркеме № 4) жана парламенттик көпчүлүк фракцияларынын лидерлери менен Премьер-министрдин кызматына талапкердин кеңешүүсүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат.
Өкмөттүн курамына талапкерлерди көрсөтүү укугу жана алардын сандык катышы (фракциялардын квотасы) Өкмөттүн курамына (вице-премьер-министрлерге, министрлерге, мамлекеттик комитеттин төрагаларына) гана тийиштүү жана Коалицияга катышкандардын ортосундагы макулдашуулардын негизинде белгиленет. Бул макулдашууларга кызыкдар жактардын ортосундагы макул болуунун негизинде өзгөртүү киргизилиши мүмкүн.
Аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын (министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди кошпогондо) жетекчилерине карата кадрдык чечимдерди кабыл алууну Коалициянын жетекчилиги менен кеңешүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ишке ашырат.
7. Өкмөттүн курамына талапкерлер боюнча Коалициянын катышуучуларына сунуштарды киргизүү талапкерлердин кесипкөйлүк талаптарга ылайык келүүсүн жана компетенттүүлүгүн эске алуу менен, тийиштүү билими, тажрыйбасы жана иш стажы, иш боюнча жана моралдык сапаты бар, дискредитациялоочу жагдайлары же фактылары жок экендигин эске алуу менен гана ишке ашырылат.
Коалиция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына кесипкөй, компетенттүү, заманбап жана ак ниет кадрлардан түзүүгө милдеттенет.
8. Өкмөттүн курамына талапкерлерди көрсөтүүдө гендердик тең салмактыкты сактоонун зарылчылыгы эске алынат.
9. Өкмөттүн программасынын, түзүмүнүн жана курамынын долбоорлорун Коалицияда оң кароонун жана жактыруунун натыйжалары депутаттардын Коалицияга кирген консолидацияланган позициясы болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбеков тарабынан киргизилген ошол документтердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо тастыкталууга тийиш.
10. Өкмөттүн программасына, түзүмүнө жана курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүКоалициялык макулдашууга тийиштүүөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин Премьер-министр тарабынан демилгеленет.
IV. Артыкчылыктар жана реформаларды колдоо
1. Коалицияга кирген фракциялар экономикалык жана структуралык реформаларды ишке ашырууда 2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча күч аракеттерди жана демилгелерди жүзөгө ашырууда Өкмөттү колдой тургандыгын тастыктайт.
2. Коалиция төмөндөгү артыкчылыктуу багыттар боюнча Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгесин колдойт жана демилгелейт:
- улуттук коопсуздуктун комплекстүү жана ишенимдүү системасын түзүү;
- ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди тереңдетүү жана кеңейтүү;
- Кыргызстандын экономикалык жана финансылык көз карандысыздыгын камсыз кылуу;
- өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу;
- энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдөө;
- жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;
- сот, укук коргоо системасын, коррупцияга каршы аракеттенүүнү реформалоо;
- аткаруу бийлигинин борбордук жана аймактык органдарынын ролун жогорулатуу жана жоопкерчилигин күчөтүү;
- мамлекеттик кызматты саясатташтырбоо жана кесипкөй деңгээлге көтөрүү;
- жаңы мамлекеттик аймактык саясат;
- айыл чарбасын артыкчылыктуу өнүктүрүү;
- ыңгайлуу инвестициялык чөйрөнү түзүү;
- тышкы жана ички инвестицияларды ишенимдүү коргоо;
- эмгектик өз ара мамилелерди реформалоо;
- мамлекеттик менчикти башкарууну реформалоо;
- жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну колдоо жана стимулдаштыруу;
- билим берүүнүн атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жана жеткиликтүү медицинаны өнүктүрүү;
- үй-бүлө институтун бекемдөө жана колдоо;
- коомдун адептик жана руханий өнүгүүсү;
- алгылыктуу жарандык демилгелерди колдоо;
- жергиликтүүөз алдынча башкарууну өнүктүрүү;
- турак жай курулушунун узак мөөнөттүү мамлекеттик программасын кабыл алуу жана ишке ашыруу;
- жашаган жерине жана катталган жерине карабастан, калкка кепилдендирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүү;
- ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүүчүн шарттарды түзүү;
- жумушчу орундарын жер-жерлерде түзүү жана көбөйтүү;
- бирин-бири кайталаган функцияларды четтетүү максатында мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоо жана аларды күтүүгө кеткен чыгымдарды кыскартуу.
3. Коалиция улуттук экономиканын өсүшүн тездетүүгө багытталган улуттук жана ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууну тездетүү боюнча Өкмөттүн демилгесин колдойт.
4. Коалиция экологиялык аспекттерди комплекстүү чечүүнүн жана үзгүлтүксүз өндүрүштү камсыз кылуунун, Кыргызстан үчүн экономикалык пайданы көбөйтүүнүн, соттук жана укуктук тобокелчиликтерди жокко чыгаруунун, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануунун, долбоорду ачык-айкын башкаруунун зарылдыгын эске алуу менен “Кумтөр” долбоорун андан ары жүзөгө ашыруу боюнча кыйла оптималдуу чечимди издеп табуу жана тандоо маселеси боюнча Өкмөт менен конструктивдүү кызматташуусун жүргүзөт.
5. Саясий партиялардын кабыл алган милдеттенмелерин аткаруу, программаларын жана шайлоо алдындагы платформаларын жүзөгө ашыруу максатында Коалиция Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин оптималдаштыруу жана чыгымдарын чектөө боюнча маселелерди андан ары кароого көмөктөшөт.
V. Парламенттик көпчүлүк коалициясынын ишинин уюштурулушу
1. Коалициянын түзүмүн жана органдарын төмөндөгүлөр түзөт:
- Коалициянын жыйыны;
- Коалиция кеңеши;
- Коалициянын жетекчиси.
2. Коалициянын жыйыны Коалициянын жогорку органы болуп саналат. Жыйын зарылчылыкка жараша өткөрүлөт жана Коалициянын жетекчиси тарабынан чакыртылат. Коалициянын жыйыны ошондой эле Премьер-министрдин демилгеси же Коалицияга кирген фракциялардын биринин чечими боюнча чакыртылышы мүмкүн, ал жөнүндө Коалициянын катышуучуларына жазуу жүзүндө же ЖМК аркылуу маалымдалат.
3. Коалициянын жетекчи органдары тарабынан бир добуштан кабыл алынган чечимдер, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, Коалициянын бардык катышуучулары үчүн милдеттүү болуп саналат. Мында Коалицияга кирген ар бир фракция бирден добушка ээ.
4. Коалициянын кеңешинин курамына төмөндөгүлөр кирет:
- Коалициянын жетекчиси, Коалицияга кирген фракциялардын лидерлери жана чечүүчү добуш укугу менен тийиштүү фракциялар тарабынан шайланган депутаттар. Коалицияга кирген ар бир фракциянын депутаттарынын саны фракциялар ээ болгон мандаттардан пропорционалдуу түрдө белгиленет,бирок, 8 депутаттан ашпоого тийиш.
5. Коалициянын жетекчисин алмаштыруу Коалициянын ишин токтотууга алып барбайт. Коалициянын жетекчисинин талапкерлиги Коалицияга кирген фракциялардын лидерлеринин ортосунда консенсустук негизде аныкталат.
6. Коалицияны уюштуруучулук-техникалык жана маалымат-аналитикалык жактан камсыз кылуу Коалициянын катчылыгына жүктөлөт, ал Коалицияга кирген фракциялардын лидерлеринин ортосундагы консенсустун негизинде түзүлөт.
7. Ушул Коалициялык макулдашуунун негизинде парламенттик көпчүлүк коалициясынын ишинин регламенти иштелип чыгат жана Коалициянын жыйынынын чечими менен чечилет.
VI. Парламенттик көпчүлүк Коалициясынын Өкмөт менен өз ара аракеттери
1. Коалиция өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгынын негизинде бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактары менен конструктивдүүөз ара аракеттерди камсыз кылат.
2. Коалиция менен Өкмөттүн натыйжалуу өз ара аракеттерин камсыз кылуу максатында Коалициянын жетекчиси башында турган Координациялык кеңеш түзүлөт, ага төмөндөгүлөр кирет:
- Коалициядан – Коалицияга кирген фракциянын лидерлери;
- көпчүлүк Коалициянын депутаты болуп саналган Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалары;
- Өкмөттөн – Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси, экономика министри жана финансы министри.
4. Координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылуу Коалициянын катчылыгы жана Өкмөттүн аппараты тарабынан ишке ашырылат.
5. Координациялык кеңештин жыйыны талкуулоо үчүн кыйла актуалдуу жана маанилүү демилгелер же маселелер пайда болгондо жана алар боюнча консолидацияланган позицияны кабыл алуу үчүн зарылчылыкка жараша өткөрүлөт, бирок кварталына бир жолудан кем эмес.
6. Координациялык кеңештин чечими менен консолидацияланган позицияны иштеп чыгууну жана чечим кабыл алууну талап кылган тийиштүү чөйрөлөр же конкреттүү маселелер боюнча туруктуу же убактылуу жумушчу жана эксперттик топ түзүлүшү мүмкүн.
VII. Өкмөттүн ишине баа берүү
1. Премьер-министрдин жана жалпысынан Өкмөттүн ишине баа берүү Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
2. Коалицияга кирген фракциялар кандай гана министр болбосун, эгерде ал өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткара албай жатса же мамлекеттик кызматта андан ары иштөөгө шайкеш келбеген жосундарды жасаса, ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу Премьер-министрдин алдына маселе коюуга укугу бар. Премьер-министр Коалициянын пикири менен макул болбоого укугу бар, бул тууралуу ал жазуу жүзүндө (жүйөлөштүрүү менен) Коалицияга билдирүүгө милдеттүү.
3. Премьер-министр мыйзамда белгиленген тартипте Өкмөттүн айрым мүчөлөрүн ээлеген кызматынан бошотуу маселесин тийиштүү фракциянын лидерине маалымдоо менен өз алдынча чечүүгө укуктуу.
4. Өкмөттүн мүчөсү кызматынан бошотулган учурда, жаңы талапкер мурдагы талапкерди сунуш кылган фракция тарабынан көрсөтүлөт. Премьер-министр сунуш кылынган талапкерди дайындабоого укугу бар (вето укугу), өзүнүн, баш тартуусун жазуу жүзүндө жүйөлөштүрөт. Мындай учурда фракция башка талапкерди киргизүүгө тийиш. Четке кагылган бир эле талапкер ошол же башка кызматтарга же Өкмөттүн курамындагы ошого окшош башка кызмат орундарына сунуш кылынышы мүмкүн эмес.
5. Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөн же Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Өкмөт отставкага кеткен учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Коалициянын ыйгарым укуктары токтотулбайт.
VIII. Коалициялык макулдашуунун колдонуу мөөнөттөрү
1. Ушул Коалициялык макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Коалициянын ишин токтотуу жөнүндө расмий жарыяланганга чейин колдонулат.
2. Ушул Коалицияга кирген ар бир фракция Коалициянын курамынан чыгууга укугу бар. Ушул Коалициянын курамынан чыгуу жөнүндө чечим фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин макулдугу менен фракциянын жетекчиси тарабынан кабыл алынат жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык фракциянын чечими менен жол-жоболоштурулат.
3. Коалициядан чыгуу жөнүндө маселени кароонун датасы жана убактысы тууралуу фракция жыйынга чейин бир күндөн кеч эмес Коалициянын жетекчисине, Коалицияга кирген башка фракцияларга, Коалиция кеңешине жана Коалициянын катчылыгына маалымдоого милдеттүү.
4. Коалициядан чыгуу жөнүндө фракция тарабынан чечим кабыл алган учурда бул тууралуу чечим тийиштүү фракциялардын лидерлери же катчылыгы тарабынан ушул бөлүмдүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн жактарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жөнөтүлөт. Коалициядан чыгуу жөнүндө фракциянын билдирүүсү ушул пунктта көрсөтүлгөн жактарга фракциянын чыгуусу жөнүндө чечим жөнөтүлгөн учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
5. Ушул Коалиция учурларына байланыштуу, фракциянын андан чыгуусу парламенттик көпчүлүк статусун жоготууга алып келет, Коалициянын жетекчиси Коалициядан чыгуу жөнүндө фракциянын чечимин алган учурдан тартып бир жумушчу күндөн кеч эмес анын ишинин токтогондугу жөнүндө расмий жарыялоого милдеттүү жана бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына маалымдоого милдеттүү. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Коалициянын жетекчиси Коалициянын ишинин токтотулгандыгы жөнүндө жарыялоо жасабаса, анда мындай жарыяны ушул Коалицияга кирген фракциялардын биринин лидери жасоого укугу бар.
6. Ушул Коалициянын ишинин токтотулушу жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жайгаштырылат жана Коалиция ишин токтоткондугу жөнүндө расмий жарыялангандан кийин “Эркин Тоо” газетасынын кезектеги санына жарыяланат.
IX. Корутунду жоболор
1. Ушул Коалициялык макулдашууга тиркемеге Коалицияга кирген фракциянын лидерлеринин кол коюусу белгиленсин, жана ал макулдашуунун ажырагыс курамдык бөлүгү болуп саналат.
2. Коалиция тарабынан кабыл алынган бардык документтер жана чечимдер эл алдында жана ЖМК алдында ачык жана айкын болуусу милдеттүү шарт катары аныкталсын.
3. Ушул Коалициялык макулдашуу мамлекеттик жана расмий тилдерде, бирдей күчкө ээ болгон 4 нускада түзүлдү.
4. Ушул Коалициялык макулдашуу расмий жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө жарыяланууга жатат.
Коалициялык макулдашуунун жарыяланбаган бөлүгү юридикалык күчкө ээ эмес.
СДПК фракциясынын лидери ______________________ И.Ш. Омуркулов
“Кыргызстан” фракциясынын лидери ______________ А.Б. Баатырбеков
“Бир Бол” фракциясынын лидери __________________ А.Т. Сулайманов