Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Сот тутумунун мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорун ишке киргизүү демилгеси колдоо тапты

15-11-2016
13:09

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети сот тутумун реформалоо алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун 4 топтомун колдонууга киргизүү боюнча демилге каралып, алардын концепциялары жактырылды. Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери – депутаттар Узарбек Жылкыбаев, Асел Кодуранова, Максат Сабиров, Нурбек Алимбеков, Жаныбек Бакчиев, Аскарбек Шадиев, Алмамбет Шыкмаматов.

Талкуу жүрүшүндө сот тутумунун мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан бул ченемдик укук актылары 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизиле турганы белгилүү болду. Мыйзам долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кошумча кошумча каражат талап кылынгандыктан, каржы министри Адылбек Касымалиев ал мөөнөттү 2019-жылдын 1-январына жылдыруу өтүнүчүн билдирди. Бирок, өкмөттүн өкүлү Кылычбек Абышев Өкмөт мыйзам долбоорун колдой белгиледи.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин өткөн чакырылышынын депутаттар тобунун демилгеси менен Жарандык-процесстик кодекстин, Административдик-процесстик кодекстин, Жазык кодекстин, Жоруктар жөнүндө кодекстин, Жазык-процесстик кодекстин, Жазык-аткаруу кодекстин, «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө» мыйзамдын, «Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамдын долбоорлору иштелип чыккан. Алар ушу тапта экинчи окууда кабыл алынган. Мындай ири мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, практик юристтер менен адистер тартылган.

КР ЖК Басма сөз кызматы