Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Д.Ашимова: "Жаза мөөнөтүн өткөрүүгө жиберилген жак келечегинде дагы жаман жолго түшүп кетпөөсү үчүн алар милдеттүү түрдө коррекциялык программадан өтүшү шарт"

26-12-2022
15:58

Жогорку Кеңеш депутаты Динара Ашимова бүгүн, 26-декабрда "Парламент" радиосунда болуп, демилгеленип, коомдук талкууга коюлган Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр багытында маалымат берди. Анда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы туруу маселелери камтылган. 

Зордук-зомбулук маселесин чечүүдө психологиялык жардамга муктаждык жаралат. Бирок, иштин бул өңүтүн алып барган социалдык кызматкерлердин таасири күч органдарынын кызматкерлерине салыштырмалуу анча сезилбей калышы мүмкүн. Ошондуктан, ушул пробациялык иштерди жүргүзүү чөйрөсүндө аймактык милиция кызматкерлери да иш алып барса натыйжалуу жыйынтыктарга жетишилмек, - деди депутат. 

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабырлануучулар коркконунан укук коргоо органдарына кайрыла албай жүрүшү мүмкүн. Ошондуктан, мыйзамдагы жаңы сунуштардын бири кайсыл бир жабырдануучу тууралуу маалыматы бар күбөлөр (жакын туугандары, коңшу-колоңдору)  абалды аймактык органдарга кабарлай алат. 

Тосмо арыздардын таасири менен жарашып алган учурда алсыз тарапты алдуу тарап ошол арызды күч  менен коркутуп-үркүтүп жаздырып алган жокпу? Бул маселени  да кылдат иликтөө керек. Экспертизанын жыйынтыгын күтүү да бир топ убакытты талап кылат. Андыктан, реалдуу турмуш картинасына карап жыйынтык чыгаруу аракеттери көрүлүп жатат. 

Жаза мөөнөтүн өткөрүүгө жиберилген жак келечегинде дагы жаман жолго түшүп кетпөөсү үчүн алар милдеттүү түрдө коррекциялык программадан өтүшү шарт. Бул жагы да мыйзамда даана механизмдер менен көрсөтүлүүдө, - деп түшүндүрдү демилгечи депутат. 

"Ошондой эле жашы жетелектерге, кары-картаңдарга карата да кысым көрсөтүлгөн учурларда зордукчул тарапка тагыла турган айыптар аныкталууда. Маселе так аныкталганча күнөөлүү деп эсептелип жаткан жак убактылуу туруктуу жашаган жеринен оолактатылып турат, - деген ченем да мыйзам долбоорундагы жаңылыктардын бири", - деп белгиледи эл өкүлү. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү