Колдонуудагы жерлерди бир категориядан экинчисине которууда өнүгүү стратегиясына таянып иш алып барган жакшы. Андыктан, бул негиздерге көңүл буруу кажет. Кала берсе ар бир айылдын да өзүнүн өнүгүү планын аныктап алуу маанилүү. Бул тууралуу пикирин ортого салып, ЖК депутаты Султанбай Айжигитов бүгүн, 28-декабрда «Парламент» радиосунда болду.
Аймактык өнүгүү программасында жерди гана эмес, анын үстүндөгү сууну, кенди рационалдуу пайдалануу жагы эске алынганы жакшы. Эгер ошол программа болсо гана жеке жарандардын жер басып алуусуна жол берилбес эле. Жер мафиясынын тамыры кыркылмак. Аймактык өнүгүү саясатын кабыл алуу менен аны жүзөгө ашырууга жумшалуучу каражат булактары да чогуу аныкталууга тийиш, - деп билдирди депутат.
"127 миң гектарга жакын жер мыйзамсыз колдон-колго өтүп кеткен. Абал тартипке салынбаса, мындай жагдай чар-жайыттыкка алып келгенден тышкары, экологияга да терс таасирин тийгизет. Анткени, мыйзамсыз курулган курулуштардын айынан шамалдын табигый багыты бузулуп, ордо калааны түтүндөн арылта албай отурабыз", - деген депутат жерге туура мамиле жасоо бир катар чөйрө менен байланышаарын түшүндүрдү.
"Азык-түлүк коопсуздугуна сугат жерлердин тарып бара жаткандыгы таасир этсе, ал эми чек ара маселесинде жер тилкелеринин убагында бөлүштүрүлбөй отурушу кедергисин тийгизет. Ошондуктан, миграция, чек ара суроолоруна жооп табалы, - десек анда Баткен жергесинде жер жок деген курулай жооптон арылышыбыз керек", - деди С.Айжигитов.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү