Түз
эфир
Бүгүн, 29-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды.
Жыйында Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасап, буга чейинки окууда берилген сунуштар тууралуу сөз кылды.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү" мыйзамына жүргүзүлгөн инвентаризациянын жүрүшүндө аныкталган кенемтелерди, карама-каршылыктарды жана коллизияларды жоюу максатында иштелип чыккан.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү