Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Иран Ислам Республикасы менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобу Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен жолугушту

22-06-2022
19:13

Бүгүн, 22-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иран Ислам Республикасы менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Камила Талиева, аталган топтун мүчөлөрү Гүлшаркан Култаева, Жылдыз Садырбаева, Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Абдыбахаб Боронбаев жана Айбек Маткеримов Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази менен жолугушту.

Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкуулап, парламенттик кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да пикир алмашышты.

Жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык жана достук мамилелерге өзгөчө маани берип, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошуп жактан салымын баалай турганын билдирди. «Биздин эки тараптуу алака достуктун жана өз ара урматтоонун негизинде мындан ары да үзүрлүү улана беришине терең ишенем. Парламенттер аралык байланыш жана кызматташтык канааттандырарлык деңгээлде өнүгүп жатат жана ошондой эле азыркы убакта парламенттер аралык достук тобунун дагы курамдары түзүлдү», - деди депутат Камила Талиева.

Эл өкүлү Кыргызстан менен Иран эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин кошумчалады. Камила Талиева ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Иран Ислам Республикасынын өкмөттөрүнүн мындан аркы биргелешкен аракеттерин улантуу үчүн Кыргыз- Иран өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 13-отурумун 2022-жылы Бишкек шаарында өткөрүү маселеси каралып жактанын билдирди.

Мындан сырткары депутат К.Талиева 2021-жылдын май айында Кыргызстан менен Ирандын ортосунда айына бир жолу каттаган «Мешхед-Бишкек-Мешхед» багыты боюнча аба каттамы ачылганына токтолду. «Тегеран-Бишкек-Тегеран багыты боюнча түз авиа каттамдарды калыбына келтирүү перспективасына токтолуп, эки мамлкеттин борборлоруна барууну каалаган туристтер жана ишкерлер үчүн ынгайлууу шарттарды түзүү максатында «Тегерен-Бишкек-Тегеран» түз авиа каттамын ачууну сунуштоо жана көмөк көрсөтүү үчүн ыңгайлуу шарт түзөөрүн баса белгиледи. Ошондой эле тараптар саясий-экономикалык, социалдык-маданий мамилелерди бекемдөө максатында келечекте ишке ашырылуучу долбоорлор тууралуу баарлашышты.

Өз кезегинде Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази кыргыз-иран өнөктөштүгүн жогору баалай турганын баса белгилеп, Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Саид Харази парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү