Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жаатындагы мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жөнөтүлдү

22-06-2022
20:04

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» жана «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорун биринчи окууда карашты.

Мыйзам долбоорлору боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев берди. Анын айтымында, Кыргызстанда 3 легалдаштыруу өнөктүгү, тактап айтканда 2008, 2009 жана 2013-2014-жылдары жүргүзүлгөн. Үстүбүздөгү жылдан 2023-жылга чейин – 4-легалдаштыруу өнөктүгү өткөн.

Бул долбоор жеке жактардын мүлктөрүн, анын ичинде башка жактарга номиналдуу катталган жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан мүлктөрүн декларациялоо учуруна карата ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун натыйжалуу укуктук механизмин түзүү; Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана сырткы инвестицияларды көбөйтүү; активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул мыйзамда каралган мүлктөрү ыктыярдуу декларацияланганга чейин болушу мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоодон коргоо максатында иштелип чыккан.

Ошондой эле, мыйзам долбоорунун максаты көмүскө экономиканын көрсөткүчүн азайтуу. Буга байланыштуу депутат Нурланбек Шакиев КР көмүскө экономикасынын көлөмүнө кызыкты. «Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын көмүскө экономикасынын көлөмү ИДПнын 25-30% түзөт, эл аралык рейтингдик агенттиктердин маалыматы боюнча көмүскө экономика 47% түзөт», - деп жооп берди Д.Амангелдиев.

Депутаттар декларациялык кампаниянын катышуучуларына кепилдиктер, буга чейинки үгүт иштеринин жыйынтыгы боюнча маселени көтөрүштү. Буга Д.Амангелдиев белгилегендей, биринчи жана экинчи өнөктүгү күтүлгөн натыйжаны берген жок, анткени мүлктөрдүн сакталышы жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтуктарынан коргоого кепилдик берилген эмес.

Мыйзам долбоорлору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү