Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү

23-06-2022
11:35

Бүгүн, 23-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык багыттагы көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак, депутат Бактыбек Чойбеков Министрлер кабинетинен товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде курулуш материалдарынын наркынын кескин жогорулашына байланыштуу ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.

«Айрыкча мындай кырдаалда социалдык объектилерди куруу жана оңдоо боюнча тендерди утуп алган подряддык уюмдар жабыр тартты. Курулуш компаниялар бөлүнгөн бюджеттин чегинде ишти бүтүрө албай жатышат», - деди ал.

Ал эми депутат Аманкан Кенжебаев Военно-Антоновка, Сокулук, Западное жана Новопавловка айылдарындагы мектептердин курулушун бүткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде депутат Акбөкөн Таштанбеков Ноокат шаарынын тургуну, жаран Умарбековдун укуктарынын бузулушуна көңүл бурду. Анын айтымында, шаардык бийлик бул жарандын Сагын Алымбеков көчөсүндө жайгашкан дүкөнүн соттун тиешелүү чечими жок эле бузуп салган.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү