Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар «Ар түрдүү маселер» саатында айрым көйгөйлөргө токтолушту

23-06-2022
11:42

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар түрдүү маселер» саатынын жүрүшүндө бир катар социалдык-экономикалык багыттагы көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак, депутат Эмил Жамгырчиев атамекендик өндүрүшчүлөрдүн абалына токтолуп, жергиликтүү ишкерлерди колдоо үчүн жагымдуу шарттар түзүлбөй жатканын айтты.

Эл өкүлү Арсланбек Малиев Ысык-Көл облусунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен мал-жандыктар чыгымга учураганын эске салды. Натыйжада жергиликтүү тургундарга 100 миллион сомдук зыян келтирилген. Эл өкүлү жабырлануучуларга материалдык жардам көрсөтүү маселесин чечип берүүнү суранды.

Ал эми депутат Бактыбек Сыдыков Министрлер кабинетине «Эне даңкы» медалы бар аялдардын пенсиясына кошумча төлөмдөр боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады.

Депутат Камила Талиева Биримдик-Кут жаңы конушунун жашоочуларынын көйгөйлөрүн ортого салды. Ал эске салгандай, 2008-жылы трансформациядан кийин жарандарга жер тилкелери бөлүнүп, үйлөр курулган. «Бирок 2015-жылы трансформациялоо боюнча мурда кабыл алынган токтом жокко чыгарылгандыктан, жашоочулар ушул күнгө чейин укук белгилөөчү документтерди ала албай жатышат», - деди К.Талиева жана маселени чечүүгө чакырды.

Эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондорундагы ооруканаларда медициналык адистердин жетишсиздигине токтолду.

Өз кезегинде депутат Карим Ханжеза Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында Биринчи Май мектебинин курулушуна жана калкты тейлөө борборунун ачылышы тууралу сөз кылды.

Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү