Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

23-06-2022
11:52

Бүгүн, 23-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.  Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору тѳмѳнкү максаттарга иштелип чыккан: «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» мыйзамын Евразия экономикалык бирлигинин техникалык жѳнгѳ салуу жаатындагы ченемдик укуктук базасына ылайык келтирүү, шайкештикти баалоо жаатындагы талаптарды унификациялоо жана шайкеш келтирүү, ѳндүрүмдүн сапатын жана атаандаштыкка жѳндѳмүн жогорулатуу, стандартташтыруу жана аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү