Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жаатындагы мыйзам долбоору каралды

16-01-2023
17:26

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жѳнүндѳгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Алсак, мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Жыйында аталган маселе боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров маалымат берди. Алардын айтымында Баяндамачылардын айтымында, долбоор аркылуу колдонуудагы мыйзамдын редакциясын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Граждандык кодекске шайкеш келтирүү максатындагы бир катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Мындан тышкары, кыймылдуу мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселелериндеги боштуктарды жоюу, мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар жактардын чөйрөсүн тактоо, менчиктештирүү ыкмаларын жаңылоо, менчиктештирүүнүн айрым ыкмаларын колдонууда коррупциялык ченемдерди жоюу өңдүү максаттар коюлган.

Талкуу маалында депутат Марлен Маматалиев менчиктештирүүнүн программасы жана ыкмаларына байланыштуу маселелерге токтолсо, депутат Эмил Токтошев мамлекеттик мүлктөрдүн тизмеси боюнча маселени көтөрдү. Ал эми стратегиялык объектилер боюнча депутат Камила Талиева кеп козгосо, депутат Эльвира Сурабалдиева 12-берененин 4-пунктун алып салуу сунушун киргизди. «Оффшордук зоналардын субъекттерине тыюу салууну киргизүү зарыл. Бул субъекттер мамлекеттик мүлктү сатып алуучу болбошу керек”, - деди депутат Эльвира Сурабалдиева.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү