Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды

19-01-2023
17:57

Бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда кабыл алынды.

Жыйында Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасап, буга чейинки окууда берилген сунуштар тууралуу сөз кылды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү" мыйзамына жүргүзүлгөн инвентаризациянын жүрүшүндө аныкталган кенемтелерди, карама-каршылыктарды жана коллизияларды жоюу максатында иштелип чыккан.

Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Муну менен катар “Нотариат жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда талкууланып, жыйынтыгында каралган маселелер колдоого алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү