Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев: “Учурда Социалдык фонд консервативдик инвестициялык саясатты жүргүзөт. Алсак, пенсиялык активдердин олуттуу үлүшүн мамлекеттик баалуу кагаздар жана коммерциялык банктардагы депозиттер түзөт”, - деди.
Ага ылайык, мыйзам долбоору аркылуу пенсиялык топтоолорду көбөйтүү максатында, баалуу металлдар (алтын, күмүш, платина жана башка баалуу металлдар) жана Улуттук банктын баалуу кагаздары сыяктуу жаңы финансылык инструменттер менен пенсиялык топтоолорду инвестициялоо үчүн активдердин тизмесин кеңейтүү сунушталууда.
Мындан тышкары, пенсиялык топтоолорду чет өлкө валютасындагы депозиттерге жайгаштыруу да каралууда. Анткени учурда чет өлкө валютасындагы депозиттер финансы институттарында чоң мааниге ээ.
Талкуу маалында депутат Жылдыз Садырбаева сунушталып жаткан каржы инструменттерин колдонуудагы тобокелчиликтер тууралуу маселени көтөрдү. Өз кезегинде баяндамачы дүйнөлүк тажрыйбада пенсиялык топтоолорду чет элдик валютага жана баалуу металлдарга инвестициялоо тажрыйбасы кеңири колдонулуп жатканын белгиледи.
Ал эми депутат Аида Исатбек кызы Соцфонд чет элдик валюталарды, баалуу металлдарды сатып алууну кандай негизде жүргүзөөрүн сураса, депутат Гүлкан Молдобекова инструменттердин ишке кирүү мөөнөтүн тактап, калкка төлөнүүчү төлөмдөргө да кызыкты.
Бактияр Алиев өткөн жылы 13 миң 627 жаранга пенсиянын топтолгон бөлүгүнөн 389 миллион сом өлчөмүндө ар кандай төлөмдөр жүргүзүлгөнүн, анын 300 млн сому учурдагы ипотекалык насыяны жабуу жана алгачкы ипотекалык төлөмдөрдү төлөө багытында болгонун маалымдады.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору кабыл алынды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү