Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитетте «Соттук-эксперттик иш жөнүндө» мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

24-01-2023
10:46

Бүгүн, 24-январдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүүнүн алкагында даярдалган.

Өзгөртүүлөргө ылайык төмөнкүлөр караштырылат: мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар тарабынан гана жүргүзүлүүгө тийиш болгон экспертизалардын тизмесин көбөйтүү жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдарга экспертизалардын тиешелүү түрлөрүн аутсорсингге берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат; Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында каралбагандыктан соттуулукту алып салуу институтун алып салуу; соттук эксперттин жоопкерчилигинин түрлөрүн тактоо, атап айтканда, “административдик жоопкерчиликти” алып салуу, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын укук бузган мыйзамсыз жана негизсиз чечимдери, аракеттери жана аракетсиздиги үчүн административдик органдардын жоопкерчилиги азыркы учурда административдик жоопкерчилик катары түшүнүлөт; анын компетентсиздиги аныкталган учурда экспертти сертификатынан ажыратууга комиссиянын милдети; мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын изилдөө укугу жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча келишимдик негизде жүргүзүү.

Талкуу маалында депутат Эмил Жамгырчиев соттук экспертиза тармагына кардиналдуу реформаларды жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Чыңгыз Ажыбаев экспертизанын тиешелүү түрлөрүн мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдарга аутсорсингге берүү тартиби тууралуу сөз кылды. Муну менен катар, эл өкүлү эксперттердин көз карандысыздык принцибин камсыз кылуу зарылдыгын айтып, алардын эмгек акысын көтөрүү жагын карап көрүүнү сунуштады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү