Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды

24-01-2023
11:33

Бүгүн, 24-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутат Улан Бакасовдун айтымында, жыл башынан бери жашы жете электерге жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук маселеси актуалдуу бойдон калууда.

“Азыркы сот тутумунда кылмыштардын санын азайтуу жана жазаны жеңилдетүү тенденциясы бар экенине карабай, жогоруда айтылган жосун үчүн жазаны катаалдатып, жаза мөөнөтүн жыйырма жылга чейин көбөйтүү же өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталууда”, – деди депутат.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуунун өзгөчө тартибин, тагыраагы жашы жете электердин жана өспүрүмдөрдүн жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдарга хирургиялык кастрациялоону белгилөө сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова Кыргыз Республикасынын Конституциясынын принциптерине жана нормаларына таянып, бул мыйзам долбоорун четке кагуу зарылдыгын белгиледи.

“Хирургиялык кастрация – бул кыйноо. Педофилдерди эч ким актай албайт, бирок биз Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларын эске алышыбыз керек”, - деп кошумчалады эл өкүлү.

Ал эми депутат Дастанбек Жумабеков Конституциянын 25-беренесинде адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбестиги жазылганын эске салып: “Жашы жете электердин жана өспүрүмдөрдүн сексуалдык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдардын мөөнөтүн көбөйтүү менен жазаны катаалдаштыруу керек”, - деген сунушун берди.

Өз кезегинде мыйзам долбоорунун демилгечиси Улан Бакасов хирургиялык кастрация медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуунун өзгөчө процедурасы экенин айтып, жазанын бул түрү Чех Республикасында колдонуларын маалымдады

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү