Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Алсак, сунушталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 121-беренесинин 13-бөлүгүнүн ченемдик жобосун (мүлккө камак салуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 5-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 4-бөлүгүнө карама-каршы келет деп тааныган.
Талкуу маалында депутаттар Искендер Матраимов менен Эмил Жамгырчиев айрым беренелер боюнчак тактоочу суроолорду беришти.
Андан тышкары, жыйында депутат Шаирбек Ташиев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды.
Демилгечи депутаттын айтымында аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жарнамадан финансылык пирамидага алып келүүчү жоопкерчиликти түзүү, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан.
“Түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин, мындай иштер үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралгандыктан, блогерлер, ар кандай уюмдардын активисттери жана башка коомдук инсандар тигил же бул каржы өнүмдөрүн жарнамалоодо кыйла этият жана жоопкерчиликтүү болушат деп ишенебиз. Анын үстүнө, бул кылмыш жоопкерчилигине алып келет”, – деди Шаирбек Ташиев.
Өз кезегинде депутат Карим Ханджеза мыйзам долбоору боюнча прокуратуранын пикирине кызыкты.
Көзөмөл органынын өкүлү концепциясын колдоорун айтып, бирок бир катар өзгөртүүлөрдү экинчи окууга чейин киргизүү зарылчылыгы бар экенин кошумчалады.
Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков чындыгында эле каржы пирамидаларын жарнамалоого байланышкан наарычылыктар көп экенин жүйө келтирип: “Таанымал инсандар жарнамалаган компанияга ишенип алып, алдангандар көп болууда. Андыктан тергөө амалдарын туура жүргүзүп, мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлушу керек”, – деди.
Жыйынтыгында каралган мыйзам долбоорлору тармактык комитет тарабынан жактырылды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү