Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитетте Лебединов ГЭСин реконструкциялоо боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоору жактырылды

24-01-2023
17:38

Бүгүн, 24-январдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбооруна жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Лебединов ГЭСин” реконструкциялоо долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоору жөнүндө” маселе каралды.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, Лебединов ГЭСи 1948-жылы пайдаланууга берилген. Ал белгиленген кубаттуулугу 7,6 МВт-ны түзөт. ГЭС эки гидроагрегаттан турарын, алар өзүнүн эксплуатациялоо мөөнөтүн иштеп бүтүп, объектти модернизациялоо боюнча чоң муктаждык бар экенин маалымдады.

“Долбоордун жалпы наркы 13,8 млн евро, анын ичинде 8,8 млн евро кредит түрүндө (кредиттин мөөнөтү – 15 жыл, жеңилдетилген мезгил – 4 жыл, пайыздык ставка – 1%+6-айлык ставка Euribor) жана инвестициялык грант түрүндө 5 млн еврого чейин берилет”, - деди Т.Ибраев.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалын пайдалануу зарылдыгын белгилешти.

Алсак, депутат Жеңишбек Токторбаев бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу зарылдыгына токтолуп, 13,8 миллион евро өтө чоң каражат экенин жана Лебединов ГЭСин реконструкциялоо андан азыраак суммага ишке ашырса болорун белгилеп, бошонгон акчаны чакан ГЭСтерге жеңилдетилген кредит берүү үчүн өздөштүрүүнү сунуштады. «Учурда ишкерлер доллар менен 7-8%, сом менен 23% менен насыя алууга аргасыз болууда. Жогорку чендер банкрот болуу коркунучун күчөтүп, электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга кошкон салымы үчүн мамлекеттик колдоо убадаланган ишкерлерди чочутууда», - деди Ж.Токторбаев.

Ал эми депутат Мирлан Самыйкожо тышкы карыздын басымдуу бөлүгү энергетика тармагын жана транспорт системасын өнүктүрүүгө багытталганын айтып, долбоорду ишке ашырууга жооптуу орган катары энергетика министрлигин кредиттик каражаттарды үнөмдүү пайдаланууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле депутат Марат Мураталиев Кыргызстандын энергетика тармагы эң катаал кышка даяр болушу үчүн гидрологиялык шартка көз каранды болбогон кубаттуулуктарды ишке киргизүү керектигин кошумчалады.

Эл өкүлү Алишер Козуев бул насыянын кайтарымдуулук мөөнөтү тууралуу суроо узатты. Т.Ибраев бул көрсөткүч 7-8 жылдай деп жооп берди. Өз кезегинде депутат Кундузбек Сулайманов да ички керектөөлөрдү канааттандыруу жана электр энергиясын экспорттоо үчүн кошумча генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү жөнүндө сөз кылды.

Жыйындын соңунда комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев энергетика министрлигинин долбоордун белгиленген иш графигине ылайык жүргүзүү боюнча жоопкерчилигин белгиледи.

Талкуудан соң комитет мүчөлөрү депутаттардын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен Макулдашуунун долбоорун жактырышты.

Мындан тышкары, жыйында “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жана “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 378-VII токтомунун аткарылышы тууралуу” маалымат угулду.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү