Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Шайлообек Атазов бир катар тармактардагы мыйзам бузуулар тууралуу сөз кылды

25-01-2023
10:56

Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кесиптик бирликтердин, прокуратура органдарынын жана бажы кызматынын ишмердүүлүгүнө токтолду.

Алгач кесиптик бирликтердин 700 миңден ашык мүчөсү бар экенин айткан эл өкүлү: “Алар алган айлыгынан акча которот. Бирок жалпы канча каражат түшөөрүн айтышпайт. 30 жылдан бери кыркка жакын гана жетекчи башкарып, алардын алды сексенге чыгып калган экен. Дагы бир жагдай ири мекемелерди арзан баада сатууну адатка айлантышкан. Алсак, Ысык-Көлдөгү “Улан” балдар лагерин 6 гектар жери менен 945 миң сомго, Ош облусундагы “Абшыр-Ата” туристтик базасын жери менен 1 млн сомго гана сатышкан” – деди.

Депутаттык комиссия кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүндө мыйзамдарды одоно бузган учурларга күбөл болушканын кошумчалаган Шайлообек Атазов андыктан аталган маселени тыкыр иликтөө керектигин белгиледи.

Андан тышкары, прокуратура органдарынын ишинде да кемчиликтер көп экенин айткан депутат Башкы прокуратуранын кийлигишүүсү менен айрым мыйзам бузуулар кайра калыбына келтирилгенин билдирди.

Муну менен катар бажы тармагы да былтыр бекитилген планды 24 млн сомго аз аткарганын эске салып, айрым адамдардын ишмердүүлүгүн иликтөөгө чакырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү