Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралды

25-01-2023
10:56

Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Айбек Маткеримов белгилегендей, сунушталган долбоор мыйзам ченемдерин оптимизациялоо жана коомдун саясий-экономикалык турмушуна катышкан улгайган жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында иштелип чыккан.

Андан тышкары, “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Аталган мыйзам долбоору социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны оптималдаштырууга жана өркөндөтүүгө багытталган.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү