Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык кызматташтыкка байланышкан бир катар мыйзам долбоорлору каралды

25-01-2023
12:45

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин (Жамааттык күчтɵрүн) биргелешкен материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үч окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов белгилегендей, аталган макулдашууну ратификациялоо ЖККУнун Аскерлерин (Жамааттык күчтɵрүн) материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо иш-чараларын уюштуруу жана практикалык аткаруу маселелерин укуктук жɵнгɵ салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Андан тышкары жыйында “2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында жамааттык коопсуздук системасынын күч түзүмдөрүн жана каражаттарын убактылуу жайгаштыруу менен байланышкан иштер боюнча юрисдикция жана укуктук жардам көрсөтүү маселелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”, “2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн миналарды гуманитардык зыянсыздандыруунун биргелешкен инженердик бөлүмү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”, “2020-жылдын 29-майында кол коюлган Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен (бириккен) байланыш системасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорлору да каралды.

Талкуу маалында депутат Алишер Эрбаев Канттагы Россиянын аскердик базасынын макамына кызыкты.

Өз кезегинде Коргоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Канат Абыканов Канттагы база боюнча өзүнчө келишим бар экенин белгиледи.

Ал эми депутат Русланбек Жакышов ЖККУнун иши акыркы жылдары натыйжалуу болбой жатканын жүйө келтирип, уюм алкагында кандай жардамдар көрсөтүлгөнүн сурады. Министрликтин өкүлү азыркы учурда уюмдун жардамына муктаждык жок экендигин кошумчалады.

Ошондой эле депутат Шайлообек Атазов армияны күчтөндүрүүгө чакырып: “Жогорку кызмат орундарына аскердик билети жоктор дайындалбашы керек деген эрежени киргизүүбүз шарт”, – деди.

Мындан сырткары, депутат Мейкинбек Абдалиев мектептердеги аскерге даярдоо сабагын аскер адамы бериши керектигин сунуштады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна үч окууда добуш берилип, кабыл алынды

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү