Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мамлекеттик чек ара маселелерине тиешелүү мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

25-01-2023
15:29

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев мыйзам долбоору мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү органдын ишмердигин өркүндөтүү, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү” жана “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөгү” мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын конституциясына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков долбоордо маанилүү ченемдер камтылганын билдирип, айрым маселелер тууралуу суроолорун узатты.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева да кээ бир беренелерге токтолуп, чек ара маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын тактап жазуу мүмкүнчүлүгүн тактады.

Өз кезегинде Уларбек Шаршеев атайын жобо бар экендигин, анда бардык тараптардын укуктары жазылганын маалымады.

Ошондой эле депутат Гуля Кожокулова долбоордун 50-беренесин тактап жазуу сунушун берди.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү